Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

31-январь: Көлбаев өлтүрүлгөн операциянын мыйзамдуулугу, Орусия менен Украинанын туткун алмашуусу


Орусиядан мекенине өткөрүлгөн украин туткуну, 31-январь, 2024-жыл.
Орусиядан мекенине өткөрүлгөн украин туткуну, 31-январь, 2024-жыл.

31-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Көлбаев менен Алайдын өлүмү тууралуу маалымат берилди

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, прокуратура органдарынын 2023-жылдагы ишмердиги тууралуу маалымат берди. Ал Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча УКМК жүргүзгөн атайын операцияда мыйзам бузуу аныкталбаганын, абакта каза тапкан Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаевдин) өлүмүнө байланыштуу тергөө дагы деле жүрүп жатканын айтты. Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде Арстан Алайдын асынып турган сөөгү табылган. Анын өлүмү боюнча иш козголуп, аны Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Турсунбек Акун президент Жапаровго жолугуп чыкты

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 26-январда президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медиа кызматкерлерин жапырт камоо, адам укуктары боюнча маселелерди көтөргөнүн билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде айтып, Адахан Мадумаровдун соту, Кемпир-Абад иши жөнүндө да сөз болгонун кабарлады. Турсунбек Акун мамлекет башчы менен эки сааттай баарлашканын кошумчалады. Президенттин администрациясы Садыр Жапаров Турсунбек Акунду кабыл алганы жана кайсы маселелерди талкуулаганы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Турсунбек Акун жана президент Садыр Жапаров. Фото архивден.
Турсунбек Акун жана президент Садыр Жапаров. Фото архивден.

Быйыл 50 адамдын бөйрөгү акысыз алмаштырылат

1-февралда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 22 жаштагы кызга бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат. Министрлер кабинети гемодиализ алып жүргөн 50 жарандын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу үчүн каражат бөлгөн. Бул үчүн акысыз операция жасала турган жарандарды тандай турган комиссия түзүлгөн. Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта өлкөдө 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Гемодиализ үчүн 2024-жылга мамлекеттик бюджеттен 2 млрд 400 млн сом бөлүнгөн.

Кыргыз футболунун жетекчилигине Ташиев сунушталды

Эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзун да жетектеп калышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде айтып, мындай сунушту Ташиевге өзү бергенин кабарлады. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. Алар уюмдун 19-февралда өтө турган кезексиз жыйынына чейин иштеп турат. Анда Кыргыз футбол союзунун президентин жана аткаруу комитетин шайлоо болот.

Украина жана Орусия ондогон согуш туткунун алмашты

Расмий Киев туткундагы 207 жаранын колуна алганын билдирди. Ал эми орус тарап 195 аскер кызматкерин кайтарып алганын, ошончо эле сандагы украин аскери мекенине өткөрүлүп берилгенин айтты. Сандагы мындай айырмачылык, кабарчылардын айтымында, Орусия аскерлердин гана санын көрсөтүп жатканда болушу ыктымал. 3-январда 248 орусиялык согуш туткуну 230 украиналыкка алмашылган.

Газа: Израил менен ХАМАСтын жаңы макулдашуусу

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп таанылган ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинде ок атууну токтотуу тууралуу жаңы сунушту караштырып жаткан чакта жөөт армиясы чабуулдарын улантты. Израил ортомчулардын согушту токтотуу тууралуу жаңы сунушун кабыл алып жатканы, ХАМАСтын лидерлери Катарга барып аны талкуулай турганы маалым болгон. Серепчилердин баамында, мындай сунуш согуш башталгандан берки эң олуттуу тынчтык демилгеси болууда. Ал үч этаптан турат, алгачкысында ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктердин арасынан жайкын тургундарды бошотууга милдеттүү. Буга чейин ХАМАСтын лидерлери Газада согушту толук токтотууну талап кылса, Израил ХАМАСты таптакыр жок кылмайынча операция уланарын билдирген.

Пакистанда Имран Хан аялы экөө 14 жылга соттолду

Пакистанда мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга жаңы айып тагылып, ал өзү жана аялы Бушра Хан 14 жылга эркинен ажыратылды. Былтыр августта жемкорлук үчүн үч жылга кесилип, азыр камакта отурган Имран Ханга 30-январда «мамлекеттик купуя сырды ачыктаган» деген айып менен 10 жыл жаза мөөнөтү да чегерилген. Хандын Pakistan Tehreek-e-Insaf (PTI) партиясынын маалыматына караганда, сот отуруму Исламабадда өттү. Коррупцияга каршы сот саясатчыны жана анын жубайын өкмөттү жетектеп турган 2018-2022-жылдары мамлекеттик белектерди 140 миллион рупийге (501 миң доллар) мыйзамсыз сатышкан деп айыптады. Сот 14 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары саясатчыга андан кийин 10 жыл бою мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салыды. Бушра Хан өкүм чыгар замат камакка алынды.

XS
SM
MD
LG