Бишкек шаарында 30-январдан баштап коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом.
Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтому 15-январда чыккан. Жол кирени көтөрүү чечимин шаардык кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жол кирени көтөрбөсө жаңы сатылып алынган автобустарды жоготуп алуу коркунучу турганын билдирген.
Борбордо коомдук транспорт көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлөрдүн бири. Былтыр Кытайдан жаңы автобустар алынган.
Бишкекте буга чейин кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом болчу. (BTo)
Дагы караңыз
Украина армияга кетчү акчаны кымырган схеманын бетин ачты29-январь: 11 журналист абакка которулду, президенттин кийинки мөөнөтү, Стамбулдагы кол салууГрузиянын премьер-министри кызматтан кеттиБалыкчы: Милициянын машинеси сүзүп кеткен кыздын атасы тосмо арыз жаздыСултанбеков мамлекетте адам өмүрү биринчи орунда турушу керектигин айттыИзраил БУУнун 190 кызматкерин террорчул уюмдар менен байланышта деп айыптоодо Байсалов Cадыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын айттыИранда төрт этникалык күрд өлүм жазасына тартылдыБаткенде жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалдыБишкекте электрондук тартипте иштеген автоунаа токтотуучу жайлар ачылат