Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

Баткенде жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кадамжай районунда жөө кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу 28-январда кармалганын Баткен облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ырастады.

Учурда анын автоунаасы атайын токтотуучу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

Кырсык 28-январга караган түнү саат 03:00 чамасында катталып, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында 49 жаштагы каза тапкан.

Ушундай эле жол кырсыгы 26-январда Балыкчы шаарында да болду. 12 жаштагы кызды шаардык милициянын машинеси коюп кеткен. Өспүрүмдүн абалы ушул тапта туруктуу. Ал эми айдоочуга кылмыш иши козголду.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы болуп, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы катталып, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам жарыкчылык менен кош айтышкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG