Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

Бишкекте электрондук тартипте иштеген автоунаа токтотуучу жайлар ачылат


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкек шаарында акысын электрондук түрдө төлөй турган автоунаа токтотуучу жайлар пайда болду. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул тесттик режимдеги долбоорду орусиялык Sitronics Group компаниясы даярдаган.

Токтотулган автоунаалар номуру аркылуу катталып, ал жерде турган убактысына карап акысы эсептелинет. Төлөм MegaPay тиркемеси жана parking.kg сайты аркылуу жасалат.

Мындай унаа токтотуучу жайлар Бишкектин Киев - Тыныстанов - Фрунзе - Турусбеков көчөлөрүнүн ортосундагы жерлерде ачылат.

Шаар бийлиги мындай жайлар автоунаа токтотууну тартипке салып, тротуарларга, жөө жүргүнчүлөр өтчү жерлерге машине коюп койгон учурлар азая турганын айтууда.

Бишкек шаарында автоунаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги көптөн бери көтөрүлүп келген көйгөйлөрдүн бири. Мунун айынан калаадагы жол тыгындары көбөйүп жатканы белгилүү. Бишкек мэриясы жол тыгындарын азайтуу үчүн буга чейин айрым көчөлөрдөгү машинелердин кыймылын бир багыттуу кылып өзгөрткөн. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдагандай, учурда Бишкекте жарым миллиондой машине бар.

XS
SM
MD
LG