Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

29-январь: 11 журналист абакка которулду, президенттин кийинки мөөнөтү, Стамбулдагы кол салуу


Кармалгандардын бири, журналист Сайпидин Султаналиев Биринчи Май райондук сотунда. 17-январь, 2024-жыл
Кармалгандардын бири, журналист Сайпидин Султаналиев Биринчи Май райондук сотунда. 17-январь, 2024-жыл

29-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналист тергөө абагына которулду

Жапырт кармалган журналисттер Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) которулду. Мунун алдында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Ички иштер министрлигине кайрылып, “соттун чечими чыкканына карабай журналисттерди милициянын убактылуу кармоочу жайында кармоо кыйноо катары баалана турганын” эскерткен. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармаган. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Бирок андан бери алар ИИМдин убактылуу кармоочу жайында отурду. ИИМ шектүүлөргө “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгогон. Журналисттер коюлган айыпты четке кагышты.

Жапаров кийинки шайлоого катыша турганы айтылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мамлекет башчы Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасына катышканда айтты. 2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жапаров 2021-жылы 10-январдагы шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий кызматка кирген. Садыр Жапаровдун бийликтеги экинчи мөөнөткө баруу ниети тууралуу президенттин администрациясы азырынча маалымат бере элек.

“Сапаттын” мугалими сабаган окуучулар

“Сапат” билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейинде окуучуну сабаган деп шек саналып жаткан мугалим дагы жети баланы токмоктогону айтылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда мугалим окуучуну ур-токмокко алып жатканы тартылган видео тараган. 25-январда Баткен облустук милициясы окуя Кызыл-Кыя шаарындагы лицейде болгонун аныктап, 35 жаштагы мугалим кармалганын билдирген. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айып тагылган. Шектүү үй камагына чыгарылып, тергөө уланууда.

Футбол федерациясынын президенти кызматтан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кетти. Аны менен кошо федерациянын аткаруу комитети да ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. 19-февралда Кыргызстандын футбол бирлигинин кезексиз жыйыны өтөт. “Акшумкарлар” Катарда өтүп жаткан Азия кубогунда тайпада үч оюн өткөрүп, эки жолу утулду. Бир ирет тең чыкты. Ошентип мелдештен четтеп калды.

Стамбулда католик чиркөөсүнө кол салган эки чет өлкөлүк кармалды

Расмий Анкара жекшембиде Стамбулда католик чиркөөсүндө бир кишини өлтүргөн шектүүлөр кармалганын, алар орусиялык жана тажикстандык жарандар экенин жарыялады. Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая жалпысынан 47 киши кармалганын, алардын дээрлик көпчүлүгү "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрү болушу ыктымал экенин билдирди. "Шектүүлөрдүн экөө тең чет өлкөлүк жарандар. Бирөө Тажикстандан, экинчиси Орусиядан келген. Алардын ИМге мүчөлүгү иликтенүүдө", - деп жазды Йерликая Х баракчасына. Расмий Дүйшөмбү жана Москва эч кандай билдирүү жасай элек. 28-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.40 чамасында Сырыер-Бүйүкдере районундагы Санта-Мария чиркөөсүндө таат окулуп жаткан маалда беткапчан эки адам кол салган. "Ислам мамлекети" террордук уюму кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алды.

Башкырстанда митингден кийин кармалгандардын бири каза болгону тастыкталды

Баймак шаарында активисттин соттолушуна каршы ири акциядан кийин кармалгандардын бири, Уфа шаарынын тургуну Рифат Даутов каза болгонун 29-январда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматы билдирди. Маркумдун бир тууганы Залия Ахмадеева өлүкканага барып, инисинин сөөгүн тааныганын айтып берди. Полиция Даутов ичкиликтин айынан жүрөгү кармап каза болгонун билдирсе, ал эми Ахмадеева иниси алкоголдук ичимдик ичпегенин, полиция күч менен таркаткан митингге катышпаганын айтты. Жалпысынан, жергиликтүү телеграм-каналдардын маалыматына караганда, Башкырстандагы соңку окуялардан кийин 30дан ашуун киши кармалган, алардын көбүнө "полицияга баш ийбөөчүлүк" беренеси менен айып тагылган.

Грузиянын премьер-министри кызматтан кетти

Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили кызматынан кеткенин жарыялады. Ал кызматка 2021-жылдын февралында дайындалган. Ага чейин 2013–2015-жылдары да өкмөттү башкарган. Ошол эле жылдары «Грузин кыялы» партиясынын төрагасы болгон. Анын ордун партиялашы Ираклий Кобахидзе ээлеши мүмкүн. Грузия парламентиндеги 150 мандаттын 84ү "Грузин кыялы" партиясынын колунда. Башкаруучу партияны кремлчил олигарх Иванишвили негиздеген. Былтыр декабрда Тбилисиде Европага кошулууну жактаган он миңдеген киши жүрүшкө чыкканда "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG