Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:29

Иранда төрт этникалык күрд өлүм жазасына тартылды


Вафа Азарбар, Мохаммад Фарамарзи, Мохсен Мазлум жана Пежман Фатехи.
Вафа Азарбар, Мохаммад Фарамарзи, Мохсен Мазлум жана Пежман Фатехи.

Иранда бүгүн 29-январда эл аралык укук коргоо уюмдарынын өтүнүчтөрүнө карабастан төрт этникалык күрд өлүм жазасына тартылганын “Фарда” радиосу билдирди. Өлкөнүн Сот агенттиги Мохаммад Фарамарзи, Мохсен Мазлум, Вафа Азарбар жана Пежман Фатехи “өткөн жылдын жайында Израилге тыңчылык кылып, Исфахан провинциясында жайгашкан аскердик борборду жардырууга даярданышкан” деген бүтүм чыгарган.

Алар былтыр июль айында кармалып, сентябрда өлүм жазасына соттолгон.

Meezan маалымат агенттиги аталган төрт кишини “Израилдин Чалгын кызматы «Моссад» азгырып, Африка өлкөлөрүнө жөнөтүп, аскердик штабдарда толук күжүрмөн даярдыктан өткөн” деп жазды.

Жакындары жана укук коргоочулар соттук териштирүү жабык өткөнүн, коюлган айыптар эч негизсиз экенин, судья жактоочулар келтирген жүйөлөрдү көңүлгө албай койгонун айтышты.

АКШда жайгашкан «Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) укук коргоо уюму 18-январда дүйнө лидерлерине кайрылып, Ирандын бийлигин аталган төрт жаранды өлүм жазасынан бошотууга көндүрүүгө чакырган жана «Антпесе дипломатиялык жана экономикалык кесепеттерге туш болуу коркунучу бар», - деген.

Өткөн айда Иранда «Моссаддын» пайдасына иштеген деп айыпталган үч эркек жана бир аял кишини дарга аскан.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына Кытайдан кийин эле эң көп тартылган өлкө катары айыптап келишет.

CHRI уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG