Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:21

Султанбеков мамлекетте адам өмүрү биринчи орунда турушу керектигин айтты


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков 29-январда “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасына катышканда Кыргызстанда адам өмүрү биринчи орунга коюлушу керек экенин айтты.

Ал мамлекет 2022-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилип көз жумган саясат талдоочу Марат Казакпаевдин, быйыл 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде каза болгон Арстан Алайдын (Арстанбек Абдылдаевдин) окуялары кайталанбашы керек экенин билдирди.

“Мамлекет адамдын өмүрүн узартуу үчүн түзүлөт. Ар бир адамдын ден соолугун чыңдоо жана билимин арттыруу үчүн мамлекет куралат. Ага мамлекеттин бир да зыяны тийбеши керек”, - деди ал.

“Эксперттер талдайт” программасында Садыр Жапаровдун бийликте турган үч жылда жасаган иштери, кетирилген кемчиликтер жана өлкөнүн экономикасы жөнүндө талкуу болду.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков буга чейин 2020-2022-жылдар аралыгында Кыргызстанда жабык жайларда 151 киши каза болгонун айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG