“Ихсан” кооперативи жабырлануучуларга 700 млн сом чыгым келтиргени аныкталды

"Ихсан" кооперативине алдангандарын айтып сотко кайрылгандардын арызы Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Сүрөттө "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси, учурда камакта отурган Акинай Бекмурзаева. Архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативине карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлап, тергөөнүн ушуга чейинки маалыматтары менен бөлүштү.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жаз айларында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке тиешелүү кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

2022-жылдын июлунда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, камакка алынган. Кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т аттуу жаранга ошол эле жылдын ноябрында издөө жарыяланган. Декабрда Бекмурзаевага жана А.Э.К. аттуу дагы бир кызматкерге айыбы угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

"Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

“Бүгүнкү күндө “Ихсан Групп ЛТД” кооперативи өз ишмердүүлүгүн улантууда. Себеби аталган кооперативге көптөгөн жарандар катталып турак жай алганы белгилүү жана ошол эле турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча каражатарын төлөп келишүүдө. Аталган коммерциялык эмес турак жай кооперативинин бардык банктык эсебине камак (арест) салынып, тергөө иштери ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда башка да турак жай кооперативдерине нааразы болгон бир нече акциялар өткөн. Алар да уюмдарга миллиондогон акча салып, соңунда үй же башка мүлктөрдү ала албай калышканына даттанышкан. Милиция алардын көпчүлүгү боюнча кылмыш ишин козгогон.

ИИМ 2023-жылдын сентябрь айына карата Кыргызстанда жалпы 12 турак жай кооперативинин ишине байланыштуу 954 кылмыш иши тергелгенин, анын 604ү соттук кароого жөнөтүлүп, 168и токтотулганын билдирген.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 162 коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативи катталган. (ErN)

Дагы караңыз

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтодуЗеленская камалган журналисттерди колдогон сүрөтүн жарыяладыКыргызстанда калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштейтЖапырт кармоо: Депутат Кожокулова укук коргоо органдарынын маалыматын угууну сунуштады"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Шеркуловага өкүм чыкканы белгилүү болду Балбак Түлөбаев президентти медиа коомчулук менен диалогго келүүгө үндөдүУКМК мурдагы премьерлердин биринин жакынына издөө жарыялаганын билдирди