Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Кыргызстанда калкты тейлөө борборлору түшкү тыныгуусуз иштейт


18-январдан тарта жалпы Кыргызстан боюнча калкты тейлөө борборлору (ЦОН) түшкү тыныгуусуз иштейт. Иш күнү саат 8:00дөн саат 18:00гө чейин созулат. Жарандар бул аралыкта тейлөө борборлорунун кызматынан үзгүлтүксүз пайдалана алышат. Бул тууралуу Санарип министрлиги маалымдады.

"Мурунку убакта өлкөдөгү эки ири борбор саат 8:00дөн 20:00гө чейин иштечү. Бирок жыйынтыгында эл борборго кечкисин аз кайрылары анык болду",- деп жазылган маалыматта.

Санарип министрлиги тейлөөнүн сапатын элдин суроо-талабына ылайык жогорулатуунун үстүндө аракеттенип жатканы кошумчаланган.

Калкты тейлөө борборлорунун иши тууралуу 119 ыкчам байланыш номурунан маалымат алса болот.

Мунун алдында социалдык тармактарда Калкты тейлөө борборлорунда кезек көп болуп жатканын айтып даттангандар көп болуп жаткан. Айрымдар паспортун же башка документтерин алуу үчүн эки-үч сааттап, кээде андан да узак күтүп калышканын жазышкан.

Кыргызстанда Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмдөрүнө удаа 2011-жылы Калкты тейлөө борборлору (Центр обслуживания населения) түзүлгөн. Учурда 35 ири борбор жана 52 аймактар аралык бөлүмдөр бар. Аларда туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике күбөлүгү, идентификациялык карта, жарандык паспорт, "Мекен-карт" жана башка документтер берилет. Каттоого туруу, каттоодон чыгаруу, кишинин өлгөндүгүн каттоо сыяктуу да функциялар аткарылат. (ErN\ZKo)

XS
SM
MD
LG