Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Зеленская камалган журналисттерди колдогон сүрөтүн жарыялады


Журналисттерди колдоп тартылган сүрөт. Татьяна Зеленская. 18-январь, 2024-жыл
Журналисттерди колдоп тартылган сүрөт. Татьяна Зеленская. 18-январь, 2024-жыл

Бишкектик сүрөтчү-иллюстратор Татьяна Зеленская кармалган журналисттерди колдогон иллюстрациялык сүрөтүн жарыялады. Сүрөтчү эмгегин Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, "Коркунучтуу жомоктор, жаңы глава" деп атады.


Татьяна Зеленская Кыргызстанда болуп жаткан коомдук-саясий жана башка окуяларга карата көз карашын сүрөттөрү аркылуу билдирип келет. Ал кыз-келиндердин укугу, чек арадагы жаңжал, коррупциядан тартып саясий репрессияларга чейинки көрүнүштөрдү сюрреалисттик маанайда чагылдырып жүрөт.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир күн мурун кармалган 11 журналисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга баш калаадагы тергөө абагына (CИЗО-1) камады.

13-мартка чейин Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камалган журналисттерди милиция 16-январда кармап кеткен.

Алар – “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, кызматкерлери Акыл Орозбеков жана Максат Тажыбек уулу, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

17-январда ошондой эле 24.kg агенттигинин жетекчилери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) кайрадан сурак беришти. Агенттиктин директору Асел Оторбаева, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымар атайын кызматка 15-январда да сурак берген. Коопсуздук кыматы ошол эле күнү агенттиктин кеңсесин тинтип, техникаларын жана жабдууларын алып кеткен. Эшигине мөөр басып жаап койгон. УКМК бул аракетин Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иши деп билдирген. Бирок кылмыш иши кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG