Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтоду


Өндүрүш Токтонасыров Биринчи май райондук сотунда. 2-ноябрь, 2023-жыл
Өндүрүш Токтонасыров Биринчи май райондук сотунда. 2-ноябрь, 2023-жыл

18-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун соту уланды. Жараяндын жүрүшүндө прокуратура өкүлдөрү соттон укук коргоочунун иши боюнча комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү өтүндү. Сот ал өтүнүчтү канааттандырып, укук коргоочунун ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Токтонасыровдун адвокаты Агзам Дүйшөналиев "Азаттыкка" билдирди.

"Сот дээрлик аяктап, жарыш сөзгө жетип калган болчу. Бирок прокуратура өкүлдөрү соттон кылмыш иш боюнча комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү суранып, судья аны канааттандырды. Комиссиялык экспертиза жүргүзүүнү биз тергөө учурунда өтүнгөнбүз, бирок тергөөчү баш тартып койгон. Комиссиялык экспертиза жүргүзүүнүн эч кандай кажети жок болчу. Бул жөн эле сотту создуктурат", - деди адвокат.

Токтонасыровго "Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда сентябрдан бери каралууда. 2-ноябрдагы сот жараянында укук коргоочунун соцтармактардагы жазгандарына экспертиза жүргүзгөн лингвист көрсөтмө берип, активисттин жазгандары "кастыкты козуткан" деген тыянак чыккан.

Ага карата кылмыш иши былтыр 30-мартта козголгон. Бирок ал бул тууралуу үч айдан кийин, 30-июнда билген. Ошол күнү аны милиция кармап кетип, Тергөө башкармалыгынын имаратында бир нече саат сурак берип чыккан. Кийинчерээк суракка күбө катары чакырылганы, Фейсбукка жазгандары боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалганы маалым болгон.

65 жаштагы Өндүрүш Токтонасыров адам укуктары, сөз эркиндиги, чек ара, Украинадагы согуш жана башка маселелер тууралуу өз оюн ачык жазып, митинг, акцияларга чыгып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG