Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Шеркуловага өкүм чыкканы белгилүү болду


Чыныгүл Шеркулова
Чыныгүл Шеркулова

Кочкор-Ата шаарынын тургуну, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Чыныгүл Шеркуловага Жалал-Абад шаардык соту өкүм чыгарып, аны 3 жылга абакка кесип, бирок жашы 14кө чыга элек кызы болгондуктан жаза мөөнөтү жылдырылган.

Мындай чечим өткөн жылы 14-декабрда чыкканын "Азаттыкка" Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов 18-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Шеркулова Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен күнөлүү деп табылган.

44 жаштагы Шеркулованы 2023-жылы октябрь айында УКМКнын кызматкерлери кармаганы белгилүү болгон. Адвокаты Токтосун Жоробеков ал "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болгонун, депутат Адахан Мадумаровду колдоп келгенин жана "Алтын-Мазардын айланасында сөз чыгарып, элге чакырык жасады" деген айып менен кармалганын айткан.

Анын кармалышы тууралуу УКМК расмий маалымат берген эмес.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар болгон.

Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштановага Фейсбукта айткан пикири үчүн айып тагылып, 50 миң сом айып салынган. (MKt)

XS
SM
MD
LG