ИИМде айрым журналисттер сурак берип бүткөнү кабарланды

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) имараты.

Ички иштер министрлигинде (ИИМ) “Темиров LIVE” жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун журналисттери Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбеков, Жумабек Турдалиев, Максат Тажыбек уулу күбө катары сурак берип бүттү.

Бул тууралуу 16-январда журналисттерге алардын адвокаты Баатыр Ботобеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, алар азырынча күбө катары көрсөтмө берди. Бирок коё бериле элек.

“Азыр аларга айып тагабы же кандайдыр бир буйрукту күтүп жатышабы белгисиз. Материалдарда эч кандай кылмыш иши жок. Аларды күбө катары сурап жатат. Себеби, күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартып коё албайт. Бардык суроолорго жооп берүүгө милдеттүү”, - деди ал.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйүндө тинтүү болуп, укук коргоо кызматкерлери жалпысынан 10 чакты журналистти суракка алып кетти.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирди.

Иш Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен тергелип жатат.

Министрлик “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларына чыккан кайсы маалымат боюнча кылмыш иши козголгонун, канча киши суракка жеткирилгенин тактай элек. (BTo/TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 3 миң тоннадай алтын запасы бар БУУ: Украинада каза тапкан жай тургундар көбөйдү Саясатчы Бектур Асановго Улуттук госпиталда операция жасалдыДача СУдагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилдиУкраина Орусиянын алты багыт боюнча жасаган чабуулунун мизи кайтарылганын билдирдиЖурналист Токтакунов тинтүү, кармоолорду сөз эркиндигин чектөө деп баалады Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этетЖК комитети педофилдерди өмүр бою абакка кесүү долбоорун колдодуЖамгырчиев комитет жыйынында өзүнүн иши боюнча комментарий берди