Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Жамгырчиев комитет жыйынында өзүнүн иши боюнча комментарий берди


Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында. 16-январь, 2024-жыл.
Эмил Жамгырчиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында. 16-январь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынына катышып, ага козголгон кылмыш иши тууралуу комментарий берди. Ал депутаттарга кайрылып, ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирди.

“Менин артымда да ата-эне, үй-бүлө, бала-бакыра деген бар. Аларды да, өзүмдү да ыңгайсыз абалга кептеп коюп атабыз. Кудай андан алыс эле кылсын бирок, башка мындай иш түшсө карайлап калат экенсиң. Андан көрө колуңардан келсе соттун өкүмүн күтсөк”, - деди ал.

Комитеттин төрагасы, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Эмил Жамгырчиевге кайрылып, “маселеси каралып жатканда парламентке өзү да катышышы керек болчу” деди.

10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.

Бул маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Эмил Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.

Эмил Жамгырчиев 13-январда “Азаттыкка” өзүнө байланыштуу иш тууралуу Жогорку Кеңештин 17-январда өтө турган жыйынында маалымат берерин айткан.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев кармалганы былтыр декабрдын башында маалым болгон. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда ал чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (BTo)

XS
SM
MD
LG