Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Украина Орусиянын алты багыт боюнча жасаган чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди


Украина.
Украина.

Соңку сутка ичинде согуш талаасында 94 жолу кагылышуу болгонун бүгүн 16-январда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Украин аскерлери орус армиясынын алты багыт боюнча, айрыкча Лиман жана Авдеевка багыттарындагы чабуулдарынын мизин кайтара алганы, орус аскерлери Авдеевканы курчоого алуу аракетин уланып жатышканы маалымдалды.

Николаев облусундагы Днепровское айылында үйлөр талкаланып, бир бала ооруканага түшкөнү, Донецк облусунда Жылуулук электр станциясы бутага алынганы, ишкананын жумушу үзгүлтүккө учурашына жол берилбегени, Донбасс аймагы 23 жолу аткыланып, бир жай тургундун өмүрү кыйылганы кабарланды.

16-январда эртең менен Харьков облусунун дээрлик көпчүлүгүндө милдеттүү түрдө эвакуация жарыяланды. (RK)

XS
SM
MD
LG