Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Саясатчы Бектур Асановго Улуттук госпиталда операция жасалды


Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.
Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган оппозициялык саясатчы Бектур Асановго 15-январда Улуттук госпиталда моюн омурткаларына операция жасалды. Адвокаты Эркин Булекбаев “Азаттыкка” операцияны медицина илимдеринин доктору, академик Миталип Мамытов менен профессор Талант Жапаров жасаганын, саясатчы палатага которулганын айтты.

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылган.

Кемпир-Абадды коргоо комитети ага чейин “анын башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген.

9-январда “кемпирабадчылар” Бектур Асановду ооруканага которуу кечиккенин, саясатчыга жакын арада ооруканага чыгарылып операция жасалбаса, камактагылар ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тарта турганын” жарыялашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 28 кишинин 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG