Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Дача СУдагы учак кырсыгынын курмандыктары эскерилди


Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын курмандыктарын эскерүү. 16-январь, 2024-жыл.
Дача СУ конушундагы учак кырсыгынын курмандыктарын эскерүү. 16-январь, 2024-жыл.

Быйыл 16-январда “Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгына жети жыл болду.

Буга байланыштуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Дача СУ айылынын тургундары жана кырсыкта каза болгондордун жакындары бул окуяда набыт кеткендерге тургузулган эстеликтин жанындагы эскерүү иш-чарасына катышты. Кырсыкта жабыр тарткан жарандарга бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө тынчтык каалоо менен бирге арбактардын элесине багышталып куран окулду.

2017-жылдын 16-январында эртең менен “Манас” эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Кырсыкта жалпы 39 адам көз жумган. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, отуз беши жергиликтүү тургундар болгон. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.

Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулган. Компания жарандарга компенсация төлөп берген.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен коомдук комиссия түзүлүп иштеген. Комиссия Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгон, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG