Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

ЖК комитети педофилдерди өмүр бою абакка кесүү долбоорун колдоду


Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.
Сүрөтчү Татьяна Зеленская тарткан иллюстрация.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев 2016-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен соттолгон сегиз адамдын ичинен төрт киши, “Зордуктоо” беренеси менен кесилген сегиз адамдын ичинен экөө мунапыс менен абактан чыгып кеткенин билдирди.

Бул тууралуу ал 16-январда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Буга байланыштуу педофилияга айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратууну жана аларга мунапыс да берилбешин талап кылган мыйзам долбоору иштелип чыкканын кошумчалады.

“Балдарга зордук-зомбулук кылгандарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын карап жатканда айыпкер 60 жашка чыккан болсо мындай жаза берилбейт экен. Биз мындай кылмышкерлер 60, 70 же 80ге чыгабы, өмүр бою абакта калсын деп жатабыз”, - деди депутат.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева ансыз деле педофилдерге сот мыйзам боюнча 15 жылдан аз эмес жаза берерин, 60 жашка чыккан айыпкерди 15 жыл абакка кесүү - катаал чара болорун айтты.

Жыйынтыгында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет “Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына сунуштады. (BTo)

XS
SM
MD
LG