Быйыл 16-январда “Манас” эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгына жети жыл болду.
Буга байланыштуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Дача СУ айылынын тургундары жана кырсыкта каза болгондордун жакындары бул окуяда набыт кеткендерге тургузулган эстеликтин жанындагы эскерүү иш-чарасына катышты. Кырсыкта жабыр тарткан жарандарга бекем ден соолук, үй-бүлөлөрүнө тынчтык каалоо менен бирге арбактардын элесине багышталып куран окулду.
2017-жылдын 16-январында эртең менен “Манас” эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна Boeing-747 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түшкөн. Кырсыкта жалпы 39 адам көз жумган. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, отуз беши жергиликтүү тургундар болгон. Учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон.
Түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Кырсыкка байланыштуу кылмыш иши кийинчерээк токтотулган. Компания жарандарга компенсация төлөп берген.
2022-жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен коомдук комиссия түзүлүп иштеген. Комиссия Boeing-747 учагынын кыйрашына экипаждын көзөмөлүнүн жоктугу себеп болгон, андагы жүктүн аткезчиликке тиешеси жок деген бүтүм чыгарган. (BTo)
Дагы караңыз
Журналист Токтакунов тинтүү, кармоолорду сөз эркиндигин чектөө деп баалады Депутат Икрамов: журналисттерди суракка алуу демократияга тескери таасир этетЖК комитети педофилдерди өмүр бою абакка кесүү долбоорун колдодуЖамгырчиев комитет жыйынында өзүнүн иши боюнча комментарий бердиВоронежде дрон чабуулунан кийин өзгөчө кырдаал жарыяландыОкуучуларга 360 сомдук "Тулпар" картасы сатылат Шакиев тең салмактуулукту сактоодо Жогорку Кеңештин кубаты жетиштүү экенин билдирдиАзия Кубогу: Кыргызстан Таиланд курамасы менен беттешет