Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Окуучуларга 360 сомдук "Тулпар" картасы сатылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 30-январдан тартып коомдук транспортто жүрүү акысы көтөрүлүп жатканына байланыштуу шаардык мэрия мектепте окуган балдар үчүн өзүнчө төлөм картасын сунуш кылууда. Ага ылайык, окуучулар бир айга 360 сомго "Тулпар" картасын сатып алса болот.

"Бул окуучулар үчүн пайдалуу сунуш, анткени айына кеминде 44 ирет коомдук транспортко түшсө, жол кире болгону 8 сомду түзөт", - деп жазылган маалыматта.

Окуучулардын "Тулпар" картасы ар бир балага өзүнчө берилет, башкалардын колдонуусуна тыюу салынат. Эгерде башка адамдар колдонгону аныкталса, карталар конфискацияланып, колдонуучуга айып салынат. Тариф көтөрүлгөндөн кийин коомдук транспортто атайын көзөмөлчүлөр иштей баштайт.

Чоңдор үчүн да айына 1020 сомдон жол билеттери бар экенин билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Бишкек шаарында коомдук транспортто 30-январдан баштап жаңы тарифтер күчүнө кирет. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана кичи автобустарда 20 сом болот.

Азыр борбордо кичи автобустарда жол кире 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом.(ZKo)

XS
SM
MD
LG