Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Воронежде дрон чабуулунан кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Воронеж аймагында 16-январга караган түндөгү учкучсуз учактардын чабуулунан кийин өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу шаардын мэри Вадим Кстенин билдирди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Воронеж шаарынын жана облустун аймагынан украиндердин беш учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн, дагы үчөөнү токтотуп калышкан.

Расмий Киев бул боюнча комментарий бере элек.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусевдин айтымында, атып түшүрүлгөн дрондордун сыныктары түшкөн жерлерде жети көп кабаттуу үйдө кеминде 35 батир талкаланды, 11 жаштагы кыз жараат алды.

Воронеждин көптөгөн тургундары социалдык түйүндөргө шаардын ичинде жана аэродромдо бир нече жарылуу болгонун жазышкан. Аталган аэродромду Орусиянын Аба-космостук күчтөрү Украинанын аймагын аткылоо үчүн колдонуп келе жатканы белгилүү.

Орусия Украинаны "Шахед" дрондору менен күн сайын аткылоодо.

Воронеж облусу Украинанын Луганск облусу менен чектешет. (RK)

XS
SM
MD
LG