Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Азия Кубогу: Кыргызстан Таиланд курамасы менен беттешет


Кыргызстан курамасынын машыгуусу. Доха шаары. 12-январь, 2024-жыл.
Кыргызстан курамасынын машыгуусу. Доха шаары. 12-январь, 2024-жыл.

Бүгүн, 16-январда Кыргызстан футбол боюнча улуттук курама командасы Таиланд курамасына каршы Азия кубогундагы алгачкы беттешин өткөрөт. Беттеш Доха шаарындагы Абдулах бин Халифа стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат.

Кыргызстандын футболчулары Таиланд менен өз тарыхында 2001-жылы беттешкен. Анда Кыргызстан курамасы 3:1 эсебинде утулуп калган. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА рейтингинде 98-орунда турат.

Азия Кубогуна даярдануу үчүн кыргызстандыктар жалпы төрт жолдоштук беттеш өткөрүп: Өзбекстанга 4:1, Бириккен Араб Эмираттарынын курамасына 1:0 менен утулса, Сирия менен тең ойноп, Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди. Башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган команданы алып барды.

Таиланд курамасы FIFA тизмесинде 113-болуп турат. Ал Азия Кубогуна 1972-жылы катышып, ошол жылы үчүнчү орунду ээлеген. Өткөн Азия Кубогунун 1/8 финалында Кытай курамасына 2:1 эсеби менен жеңилип, мелдештен четтеген.

Бул жолку Азия чемпионатына Таиланддын башкы машыктыруучу Масатада Исии жергиликтүү чемпионатында ойногон футболчуларды алган. Алардын арасында Азиядагы белгилүү футболчулардын катарына кирген Супачай Чайдет бар. Ал эми эки негизги оюнчусу жаракатына байланыштуу Азия Кубогуна катышпайт.

Кубок үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде Оман менен беттешет.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG