Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин ишмердиги, депутаттарга козголгон кылмыш иштер, мамлекеттик туунун өзгөртүлүшү жана башка маселелер тууралуу “Сереп Медиа” сайтына маек курду. Басылма спикердин маегин 16-январда жарыялады.
Шакиев Жогорку Кеңештин дарегине айтылган сын-пикирлер жөнүндө суроого жооп берген учурда парламент саясий орган катары активдүү экенин кеп кылып, “бирок мыйзам чыгаруучу арган катары негизинен анын аткарылышын көзөмөлдөө менен алектенип жатканын” белгиледи.
“Айрымдар “азыркы парламенттин ыйгарым укуктары кескин кыскарган, алсыз” деп айтышат. Аталган сын такыр туура эмес. Бүгүнкү Баш мыйзамыбызда парламенттин таасири, укуктары, милдеттери абдан жогору жана кубаттуу. Демек жетиштүү. Бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту камсыздоого Жогорку Кеңештин таасири жана мүмкүнчүлүктөрү жетет. Тек гана биз бүгүн түрдүү саясий интригалардан оолак болуп, элибизге, өлкөбүзгө керектүү мыйзамдарды кабыл алууга жана саясий туруктуулукту камсыздоого көбүрөөк көңүл буруудабыз. Эгерде парламент ар кандай саясий оюндар менен интригалардын чордонуна айланса, анын кесепети кандай болорун тарыхыбыздан көп көрдүк. Азыр бизге эч кандай саясий оюндардын кереги жок. Биз, эл өкүлдөрү саясий туруктуулукту камсыздап, экономикалык жактан өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырып, элибиздин жашоосун жакшыртуубуз зарыл. Бүгүн президентибиз баштаган аткаруу бийлигине зарыл мыйзамдарды, чечимдерди өз убагында кабыл алып, өнүгүүгө карай умтула берүүбүз керек”, – деди Нурланбек Шакиев.
2021-жылы 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ азайтылган. Депутаттардын саны мурдагы 120дан 90го түшүрүлгөн. Депутаттардын чакыртып алуу жобосу киргизилип, айрым органдардын жетекчилери менен мүчөлөрүн бекитүүдө парламенттин мүмкүнчүлүктөрү кыскарган.
Коомдо парламент “нотариалдык орган болуп калды, мыйзам долбоорлорун талкуулабай топ-тобу менен кабыл алууда” деген сын-доомат айтылып келет. Мындан сырткары “Жогорку Кеңеш бийликтин үч бутагынын бири катары тең салмактуулукту камсыз кыла албай, аткаруу бийлигинин көзүн карап калды” деген да пикирлер бар.
Быйыл жыл башында Бишкектин борбордук аянтында алгач Жогорку Кеңеш кабыл алган туу илинбей, бир аптадан ашык убакыт макулдашылбаган варианттагы желек желбиреп турган. 1-январда илинген ал туу 8-январда алынып, ордуна парламент кабыл алган желек илинген. Бул да парламенттин ролу тууралуу талкууларды күчөттү. (ErN)
Дагы караңыз
Улуттук банк 2023-жылы 48 тонна алтын менен чыктыАзербайжанда өрт кырсыгында жети адамдын өмүрү кыйылдыТрамп Айовадагы баштапкы добуш берүүдө алдыга чыктыЭнергетикалык үч долбоорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” макамы берилдиTemirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызын милиция алып кетти Милиция “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңсесин жаптыЖумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты