Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Трамп Айовадагы баштапкы добуш берүүдө алдыга чыкты


Дональд Трамп Айовада.
Дональд Трамп Айовада.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоого Республикачылар партиясынан талапкер тандоо боюнча Айова штатында өткөн добуш берүүдө жеңүүчү болду.

15-январдын кечиндеги баштапкы маалыматка караганда, Дональд Трампка добуштардын жарымынан көбүрөөгү тийди. Добуштарды эсептөө уланууда. Экинчи орунга талапкерлер азырынча Флориданын губернатору Рон Десантис жана АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси Никки Хейли болууда.

Айовадагы добуш берүү – баштапкы партиялык шайлоо процессинин бир нече айга созулуучу жараянынын алгачкысы болду. Бул жараян июль-август айларында Республикачылар партиясынын жана Демократиялык партиянын конференциялары менен жыйынтыкталат.

Демократиялык партия быйыл Айовада добуш берүү уюштурган жок, шайлоочулар өз добушун почта аркылуу жөнөтүшөт, анын жыйынтыгы 5-мартта белгилүү болот. Кийинки баштапкы добуш берүү 23-январда Нью-Гэмпширде өтөт.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрга пландалууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG