Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Улуттук банк 2023-жылы 48 тонна алтын менен чыкты


Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн "Кумтөр Голд Компани" өндүргөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылдын аягына карата Улуттук банктын активиндеги алтындын көлөмү 48 тоннаны түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева “Биринчи радиого” курган атайын маегинде билдирди.

Карабаеванын айтымында, башкы каржы көзөмөл мекемесинде 2023-жылдын башында 44,4 тонна алтын бар болчу. Жыл ичинде ага 3-4 тонна кошулган.

Кыргызстандын бийлиги 2021-жылы канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы иштеткен өлкөдөгү эң ири Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизип, 2022-жылы аны толук өзүнө өткөрүп алган. Ошондон бери анын алтынын дүйнөлүк биржалык баанын чегинде Улуттук банк сатып алып келет.

Улуттук банк 2023-жылдын августундагы билдирүүсүндө алардын кампасында 49,8 тонна алтын бар экенин, анын 17,1 тоннасы эл аралык резервде, калганы жөн гана запас катары сакталып турганын маалымдаган.

2023-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резервдери 3 млрд 236,48 млн долларды түзгөн. Резерв негизинен алтын түрүндө сакталат. Калганы кубаттуу өлкөлөрдүн валютасына айлантылып, кармалат.

Эл аралык валюталар резерви – бул өлкөнүн акча-насыя саясатын жүргүзүүгө, валюталык рыноктогу курсту кармоого жана башка максаттарга колдонулчу мамлекеттик актив. Улуттук банк Кыргызстанда чет элдик валюталардын курсу кескин өзгөрүп кетсе резервдеги каражатын рынокко сатып турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG