Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Энергетикалык үч долбоорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” макамы берилди


“Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбоорунун план-схемасы. Өкмөт тараткан сүрөт.
“Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбоорунун план-схемасы. Өкмөт тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги менен Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Жыйында айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү зарылдыгы каралды. Талкуунун жыйынтыгында комиссиянын мүчөлөрү “Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу” долбооруна, “Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу” долбооруна жана “Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу” долбооруна “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү чечимин кабыл алды.

Мындай тизмеге кирген долбоорлорго инвестиция салган компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу салыгынан, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат жана башка бир катар жеңилдиктерди алат. Мындай кадам менен долбоорлорду кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айрым долбоорлорго “мамлекеттик маанидеги долбоор” статусун берүү аркылуу инвестиция тартууну жогорулатууга болоорун белгиледи. Ошондой эле республиканын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, жумуш орундарынын түзүлүүсүнө, аймактарда өнөр жай жана айыл чарба тармактарын өнүктүрүүгө түрткү берерин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров “Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө” жарлыкка 2023-жылдын 23-мартында кол койгон. 2024-жылдын 16-январында мамлекет башчы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жарлыгын чыгарды.

Экономика жана коммерция министрлигинин сайтындагы Улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун реестринде учурда бир гана долбоор – Президенттин администрациясынын имаратын куруу долбоору турат. Аны 2024-жылы бүткөрүү каралган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG