Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Temirov Live долбоорунун жетекчиси Махабат Тажыбек кызын милиция алып кетти


 “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңеси жабылды. Бишкек. 16-январь, 2024-жыл.
“Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңеси жабылды. Бишкек. 16-январь, 2024-жыл.

Temirov Live долбоорунун жетекчиси жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын милиция алып кетти. Кабарчыбыздын маалымдашынча, аны кеңседе тинтүү жүргүзгөндөн кийин милиция кызматкерлери алып чыгышкан.

Тажыбек кызы журналисттерге өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын арызы боюнча ички иштер министри Уланбек Ниязбековдун буйругу менен кармап баратышканын айтканга үлгүрдү.

Ал ошондой эле адвокаттан баш тартпаганын да билдирди. Мурдараак адвокаттардын кеңсеге кирүүсүнө уруксат берилген эмес, милиция кызматкерлери Махабат Тажыбек кызы адвокаттан баш тартып жатканын билдиришкен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери ага чейин “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” долбоорлорунун кеңесин адвокатты киргизбей туруп, тинткен. Көп өтпөй кеңседен техниканы алып кетип, эшигине мөөр баскан.

16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медиа” медиасынын жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүндө тинтүү болгон. Кийинчерээк милиция аларды суракка алып кеткен.

ИИМ аталган баракчалардагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун кабарлады.

“Темиров LIVE” долбоорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы Кыргызстандан күч менен чыгарылган журналист Болот Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG