Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашты


Топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу. Январь, 2024-жыл. Баткен.
Топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу. Январь, 2024-жыл. Баткен.

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу 10-16-январда Баткен шаарында өткөнүн Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашкан.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтө турганы жана анда калган аймактарды сыпаттоо боюнча иштер улантылары маалыматта белгиленген. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

12-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өткөн. Анда Ташиев тараптар чек араны тактоо ишин күчөтүлгөн тартипте уланта турганын билдирген. Ятимов чек аранын чечилиши эки өлкөнүн коопсуздугу жана өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгилеген.

Тараптар 12-декабрда да Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулаган. Анын соңунда атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Буга чейин чек ара такталбаган тилкелерде эки тараптан тең адам өмүрүн кыйган окуялар катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG