Азия Кубогу-2024: Кыргызстандын футбол командасы Дохага барды

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. 16-ноябрь, 2023-жыл.

Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогу-2024 мелдештерине катышуу үчүн 6-январда Катардын Доха шаарына барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси кабарлады. Кыргызстандын тобу ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышмакчы.

Буга чейин башкы машыктыруучу Штефан Таркович Катарга жаңыланган, жаш команданы алып барары белгилүү болгон. Курамдын лидери деген бир нече оюнчу, анын ичинде Алимардон Шүкүров жараатынан улам мелдешке катыша албасы айтылган.

Мелдештерди утурлай команда алгач Ысык-Көлдө машыгып, 19-декабрдан бери Бириккен Араб Эмираттарында текшерүүчү оюндарды өткөргөн.

Катарда 12-январдан 10-февралга чейин өтчү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 24 команда тандалып, төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан F тайпасында туш келип, Сауд Арабиясы, Таиланд жана Оман командасы менен упай талашат. Тагыраагы, 16-январда Тайланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен ойнойт.

Дагы караңыз Азия Кубогу-2024. "Акшумкарлардан" эмне күтөбүз?

Дагы караңыз

Бишкек: оор кылмыштарга шек саналып издөөдө жүргөн орус жараны кармалды Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүСадыр Жапаров православдарды Рождество майрамы менен куттуктады Жапонияда жер титирөөдөн курман болгондордун саны 120дан ашты Москва: мобилизацияга тартылган адамдардын жакындары акция уюштурдуПокровскиде Орусиянын чабуулунан 10дон ашык адам мерт болду Түндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды Өзбекстан: дарыга ууланган балдарга байланыштуу сот жанданды "Социалдык келишим" долбооруна быйыл 2 миллиард сом бөлүнөт