Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:21

Бишкек: оор кылмыштарга шек саналып издөөдө жүргөн орус жараны кармалды


ИИМ тараткан кылмышка шектүүнүн сүрөтү.
ИИМ тараткан кылмышка шектүүнүн сүрөтү.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкек шаарында оор кылмыштарга шек саналып, издөөдө жүргөн Орусиянын жараны видеокамеранын жардамы менен кармалганын билдирди. Ага ылайык, А.Р. аттуу жаранга мекенинде "уурулук, зордуктоо жана жасалма документтерди даярдоо" айыбы коюлган.

"Жүзүн таануу камералары аркылуу издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран аныкталды. Ага Орусияда Алтай аймагы боюнча ички иштер башкы башкармалыгы издөө жарыялаган",-деп айтылат маалыматта.

Былтыр июндан тартып Кыргызстандын аймагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөр аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштаган. Көп өтпөй ИИМ аталган системанын жардамы менен бул уюмга кирген мамлекеттердин аймагында издөөдө болгон 60ка чукул адам аныкталганын билдирген. Арасында сегиз-тогуз жылдан бери издөөдө жүргөндөр бар экени белгилүү болгон.

Кыргыз бийлиги 2022-жылы “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулганын, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушарын жарыялаган.

КМШ уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет.

XS
SM
MD
LG