Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Москва: мобилизацияга тартылган адамдардын жакындары акция уюштурду


Мобилизацияга тартылгандардын аялдары Путинге бир канча жолу кайрылуу жасаган.
Мобилизацияга тартылгандардын аялдары Путинге бир канча жолу кайрылуу жасаган.

Москва шаарында мобилизацияга тартылып, Украинага каршы согушка жөнөтүлгөн адамдардын аялдары, жакындары акция уюштурду.

Алар 6-январда Коргоо министрлигинин жана президенттин администрациясынын имаратынын алдында бир-бирден, кезектешип туруп, колдоруна жакындарын Украинадагы согуштан кайтарып келүүнү талап кылган жазууларды кармап турду.

Бул тууралуу “Үйгө карай жол” кыймылынын Телеграм-каналы билдирди. Санкт-Петербургда акцияга чыккан аялдар өчпөс оттун жанына гүл коюшту.

Өткөн айда Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде суроолорго жооп берип жатып, согушка 486 миң киши өз ыктыяры менен тартылганын, күнүгө бир жарым миңдей киши жалданып жатканын айткан. Ошол эле маалда "былтыр армияга алынгандар демобилизация болобу?" деген суроону жоопсуз калтырган.

Ага чейин мобилизация аркылуу согушка жиберилгендердин аялдары Путинге бир канча жолу кайрылуу жасаган жана “Күйөөмдү кайтаргыла!” деген акцияларды өткөргөн. Алар жакындары качан согуштан кайтарын сурап, майдандагы жагдайдын начардыгына, аскерлердин айлыгы жакшы берилбей жатканына нааразы болгон.

Ошону менен бирге аялдар мобилизацияга тартылгандарды алмаштырууну да талап кылышкан. Путин буга чейин мобилизацияга тартылгандар согуш аяктамайынча үйлөрүнө кайтпай турганын айткан.

Путин 2022-жылдын сентябрында Украинадагы согушка аскердик күчү жетишпей жаткан маалда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Бир айдан кийин мобилизация аяктаганын жарыялаган менен тиешелүү буйрукка кол койгон эмес. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация башталганы 300 миң адам аскерге тартылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG