Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Түндүк Корея: Ким Чен Ын кызы менен аскердик заводду кыдырды


Ким Чен Ын кызы менен.
Ким Чен Ын кызы менен.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кызы Ким Чжу Э менен аскердик заводду кыдырып, анын иши менен таанышты. Мамлекеттик маалымат агенттиги экөөнүн сүрөттөрүн жарыялады. Андан континент аралык баллистикалык "Хвасон-18" жана "Хвасон-17" үлгүсүндөгү ракеталарды көрүүгө болот. Завод кайсы провинцияда жайгашканы тууралуу маалымат берилген жок.

Түштүк Кореядагы "Рёнхап" маалымат агентти ата-кыз Кимдер окшош кийинип барганын, экөө тең жакалуу кара күрмө, кара шымчан болгонуна көңүл бурду.

Ким Чен Ын жашы 10дон өткөн тестиер кызын соңку учурда иш-чараларга өзү менен кошо көп чыга баштады. Түштүк Кореянын чалгын кызматынын ырасташынча, ал кызын мураскер кылууга даярдап жаткан болушу мүмкүн.

Ким Чжу Э коомчулуктун алдына биринчи жолу атасы менен 2022-жылы ноябрда чыккан. Анда "Хвасон-17" үлгүсүндөгү ракеталарды сыноо иш-чарасына катышкан. Ага чейин анын аялы, балдары тууралуу расмий такыр берилген эмес. Айрым бир маалыматтарга караганда, анын эки кыз, бир уулу бар.

Би-би-синин ырасташынча, Түндүк Кореяда басылмалар буга чейин Ким Чжу Эни "Кимдин сүйүктүү кызы" жазып келишсе, учурда "урматтуу" деп атай баштады жана бул эң сыйлуу кайрылуу болуп саналат.

Түндүк Кореяда бийлик атадан балага мурас болуп өтөт.

XS
SM
MD
LG