Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Бишкекте Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Арстан Алайдын зыйнатына келгендер.
Арстан Алайдын зыйнатына келгендер.

Бишкекте абакта каза тапкан Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 7-январда өттү. Анын үйүнө туугандары, санаалаштары жана айылдаштары чогулуп, жаназасы окулду. Чыгып сүйлөгөндөр Абдылдаевдин ишмердүүлүгүн, кайрымдуулук иштерин айтышты.

Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылына коюлду.

Башкы прокуратура 6-январда Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы менен кызмат адамдарынын аракетине укуктук баа берилерин билдирген.

Анын алдында ЭлТР мамлекеттик телеканалы Арстанбек Абдылдаевдин акыркы мүнөттөрү деген видео сюжет жарыялады. Анда кабарчы маркумдун “өзүнүн жанын кыйганга даярдык көргөн учурлары видео көзөмөлгө түшкөн” деп айткан.

Материалда 31-абактын жетекчиси Кайрат Рымбеков Абдылдаев ашканада "сүлгү менен электр чайнектин боосуна асынып калганы 5-январда таңкы саат 5.15те аныкталганын" маалымдаган.

Маркумдун жакындары окуяны териштирүүнү талап кылып жатат. Абдылдаевдин кызы Аксана Арстанбекова атасынын саламаттыгы жакшы болгонун айтып, бирок эмне себептен №1 абактан №31 түзөтүү мекемесинде которулганы сыяктуу ар кандай шектүү жагдайлар көп болуп жатканын билдирген.


Абдылдаевдин өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматы ички иликтөө жүргүзүүдө. Юстиция министрлиги атайын комиссия түздү. Ички иштер министрлиги тергөөгө чейинки териштирүү баштады.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, Абдылдаевге "инсанияттын такталбаган психотикалык бузулушу, галлюцинация" деген алдын ала дарт аныктамасы коюлуп, 28-декабрда дарыгер-психиатрдын сунуштамасы менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесине которулган.

29-декабрда Абдылдаев мезгил-мезгили менен жүрөгү, башы ооруп, кулагы шуулдап, тамактангандан кийин ашказаны ооруп, тез-тез чарчап жатканын айтып дарыгерге кайрылган.

Абдылдаев Бишкекте дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат өткөн айдын 14-декабрында белгилүү болгон. Анын алдында социалдык тармактарда ал 13-декабрдан бери изделип жатканы тууралуу жарыя тараган. Милиция аны издөө иштери башталганын ырастаган.

15-декабрда Арстан Алай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатканы маалым болгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту 16-декабрда аны 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Маркумдун адвокаты Кайсын Абакиров кийин ал №31 түзөтүү мекемесине которулганы тууралуу эч кандай маалымат берилбегенин билдирген.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) ага “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деген айып койгон. Атайын кызматтын маалыматында ал өзүн “жаңы Кудай” жана “куткаруучу” деп эсептеп, башка диндерди жана ишенимдер туура эмес экенин айтып, терс баа берип келгени жазылган.

Анын жашаган жери жана лекция өтүүчү жайы тинтилип, бир катар адабияттар, китептер, компьютер жана электрондук материалдар алынган.

Арстанбек Абдылдаев 2011, 2017 жана 2021-жылдары өткөн президенттик шайлоолордо талапкерлигин койгон. Соңку президенттин шайлоодогу дебаттардын биринде ошол маалдагы талапкер Садыр Жапаровду сынга алган.

XS
SM
MD
LG