Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:22

Покровскиде Орусиянын чабуулунан 10дон ашык адам мерт болду


Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Украинанын Донецк облусунун Покровск районунда 6-январдын кечинде Орусиянын ракеталык чабуулунда 11 адам, анын ичинде беш бала мерт болду. Дагы сегиз киши жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Ага ылайык, чабуулда жер тамдар бутага алынган, анын натыйжасында бери дегенде 75 турак жай жабыркады.

Филашкин Орусиянын аскерлери С-300 үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын белгиледи. Покровскиде куткаруу, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Анын алдында Филашкин орусиялык аскерлер ишемби күнү эртең менен Пивничное кыштагын аткылаганын, эки авиабомба эки көп кабаттуу үйгө тийип, улгайган аял мерт болгонун билдирген.

Украин президенти Владимир Зеленский Покровскидеги чабуулга байланыштуу Орусияны турак жайларды бутага алганы үчүн айыптады. Ал Москва "мындай бир дагы чабуул кесепетсиз калбашын сезиши керек" деп айтты.

Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Москва адатта аскердик объектилерге гана чабуул жасалганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG