28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды. 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Арыз канааттандырылган жок.
28-декабрда шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана абактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акция өткөрүштү.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Ушул тапта оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыров, журналист Айданбек Акматов, Таластын мурдагы губернатору Айбек Бузурманкулов, активисттер Марат Баязов, Илгиз Шаменов жана Тимур Махмудов №1 тергөө абагында отурат.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп жатышат. (BTo)
Дагы караңыз
Ошто баланын өлүмүнө шектелип 18 жаштагы кыз кармалдыКазакстанда бороондон улам жүздөгөн айыл-кыштак электр жарыксыз калдыУКМК Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарын кармадыИзраил армиясы Газанын борбордук бөлүгүнө соккуларын күчөттүЭнергетиктер жаңы жылдык майрамда күчөтүлгөн тартипте иштейт“Санариптик көчмөн” макамы эки миңге жакын чет өлкөлүккө берилди27-декабрь: Жамгырчиевдин иши, Асановдун абалы, Крымда 33 моряк дайынсызКемпир-Абад иши: абакта жаткандардын жакындары акция өткөрүштү