Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Кемпир-Абад иши: абакта жаткандардын жакындары акция өткөрүштү


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.

28-декабрда Бишкек шаардык сотунун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчы, активисттердин жакындары сот отурумунун ачык өтүшүн жана камактагыларды үй камагына чыгаруу талабы менен акцияга чыгышты.

Ушул тапта шаардык сотто Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткандардын бөгөт чарасы каралууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындарынын акциясы. 28-декабрь, 2023-жыл.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюшууда. (MKt)

XS
SM
MD
LG