Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:42

Казакстанда бороондон улам жүздөгөн айыл-кыштак электр жарыксыз калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Түндүк-Казакстан жана Костанай облустарында бороондон улам дээрлик 300дөй калктуу конуш электр жарыксыз калды.

Энергетиктер оңдоп-түздөө иштерине 55 бригада чыкканын билдирди. Костанай шаарында кардуу бороондон бир үйдүн чатыры учуп кетти. Борбордук аянттагы жаңы жылдык балаты, көчөдөгү шам чырактар кулады. Ондон ашуун машине кагышып, бир адам ооруканага жеткирилди.

Бороондо калып, дайыны белгисиз болуп жаткан пенсионер аялдын жана 11 жаштагы небересинин сөөгү 27-декабрда табылды. Алар 26-декабрда эртең менен Степное айылынан чыгып, Костанайдан азык-түлүк сатып алышмак.

"Алардын сөөктөрү өздөрү жашаган айылдан табылды. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат", - деди полициянын өкүлү Тилеуберди Нурахметов.

Бороондон кийин бир катар кан жолдор ачылганы маалым болду. Бирок республикалык деңгээлдеги эки трасса дагы эле жабык турат.

XS
SM
MD
LG