Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

УКМК Маммүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басарын кармады


Мамүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары. Сүрөт УКМКга таандык.
Мамүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары. Сүрөт УКМКга таандык.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Р.К. Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, мамлекеттик органдардын жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансында турган мамлекеттик мүлктү узак мөөнөткө ижарага берүү келишимдерин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталган.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директорунун орун басары Р.К.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Коопсуздук кызматы учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сайтындагы маалыматтарга караганда, кармалган жарандын Р. К. Б. инициалы жетекчинин орун басары Рыскулов Канат Бактыбековичке туура келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG