Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:55

Энергетиктер жаңы жылдык майрамда күчөтүлгөн тартипте иштейт


Кыргызстандык энергетиктер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык энергетиктер. Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы маалымдагандай, Жаңы жылдык майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иштешет.

Нөөмөтчүлөр күнү-түнү ордунда болушат. Тармакка тиешелүү бардык ишкана-мекемелердин жетекчилери да кезек менен нөөмөткө чыгат.

Мындан тышкары энергетикалык объекттерди кайтаруу күчтөндүрүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар үчүн атайын бригадалар тиешелүү техника жана тетиктери менен даярдалды.

Электр жарыгы өчүп калган учурда 105, 1209 номурлары аркылуу күнү-түнү маалыматтык-сурап билүү борборуна кайрылууга болот.

Энергетика министрлиги быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына карабай, электр энергиясын чектөө болбосун билдирип келет.

"Электр станциялары" ишканасынын маалыматында, 28-декабрда Токтогул суу сактагычына 10,536 млрд метр куб суу бар. Былтыр бул күнү суу сактагычта 11,277 млрд метр куб суу болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG