Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

27-декабрь: Жамгырчиевдин иши, Асановдун абалы, Крымда 33 моряк дайынсыз


Бектур Асанов жана Эмил Жамгырчиев. Коллаж.
Бектур Асанов жана Эмил Жамгырчиев. Коллаж.

27-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Жамгырчиевге иш козголду

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда. Иштин чоо-жайы кенен айтыла элек. Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Асановдун абалы оор экени айтылды

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар ушул эле ишке байланыштуу абакта отурган оппозициялык саясатчы Бектур Асановду дарылануу үчүн үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришти. Буга чейин ал “абакты башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экени” айтылган. Саясатчы 27-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алынып келди.

Бишкектин аянты кеңейет

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкектин аянты үч эсе кеңейтилип, 12 миң 900 гектардан 37,8 миң гектар болорун, шаарга сегиз айыл өкмөт жана төрт айыл өкмөттүн айрым айылдары кошуларын айтты. Мэр бул иштер президенттин буйругу менен ишке аша турганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров да 2024-жылы Чүйдүн Сокулук, Ысык-Ата районунун айрым аймактары Бишкекке кошуларын, муну менен Бишкек 2 миллион киши жашаган шаар болорун билдирген.

Орусиянын "Новочеркасск" кемесинин 33 кызматкери дайынсыз экени кабарланды

Орусиянын Кара деңиздеги "Новочеркасск" десанттык кемеси Украинанын чабуулуна кабылгандан кийин андагы моряктардын кеминде 33ү дайынсыз болуп жатканын бүгүн 27-декабрда "Астра" Telegram каналы өз булактарына таянып жазды.

Кремль 2014-жылы аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия портунда жээкте токтоп турган кемеге 26-декабрга караган түнү чабуул жасаганын Украинанын Аскердик аба күчтөрү тастыктаган.

Казакстанда катуу бороондо калган аялдын жана небересинин сөөгү табылды

Казакстанда кардуу бороондо калып, дайыны белгисиз болуп жаткан пенсионер аялдын жана 11 жаштагы небересинин сөөгү табылганын бүгүн 27-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун казак кызматы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Костанай облустук башкармалыгынын маалыматына таянып кабарлады.

Мекеме билдиргендей, алар 26-декабрда эртең менен Костанай районунун Айсары айылдык округуна караштуу Степное айылынан чыгып, Айсары айылына Костанай аркылуу бармай болушкан. Костанайдан азык-түлүк сатып алышмак. Аялдын жана небересинин сөөгү өзүлөрү жашаган айылдын четинен 27-декабрда табылды.

XS
SM
MD
LG