Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 26-декабрда “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасынын директору (С.Дж.), ишкананын куруучусу (Т.А.) жана башкы энергетиги (Н.Н.) камакка алынганын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, Коргоо министрилигинин жана “Аскер Курулуш” ишканасынын жооптуу кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып Нарын облусунун Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын бузуу иштеринин наркын жогорулатып көрсөткөнү аныкталган. Жыйынтыгында мамлекетке 3 млн 362 миң сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергеп жатат.
Мындан тышкары Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүктөрүнүн биринин жетекчилиги “T.К.” деген жеке ишкананын кызматкерлери менен сүйлөшүп, аскер бөлүктүн 12 аскер кызматкерин томат заводунда 45 күн мыйзамсыз иштетип, 760 миң сом акча алганы белгилүү болгон.
Бул боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдарды соодалоо” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аскер бөлүктүн командири (У.Т.), ыкчам бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы (Р.К.) жана компаниянын коопсуздук иштери боюнча жетекчиси (У.И.) камакка алынды. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилдиРумынияда эс алуу жайындагы өрт кырсыгы алты кишинин өмүрүн алды“Кемпирабадчылар” Бектур Асанов дарыланууга муктаж экенин билдириштиОштун деталдык пландоо долбоору алты жылдан кийин кабыл алынды Кемпир-Абад иши: Азимбек Бекназаров сот залынан дагы чыгарылдыБашкы прокурор депутат Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады