Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Румынияда эс алуу жайындагы өрт кырсыгы алты кишинин өмүрүн алды


Ferma Dacilor комплекси.
Ferma Dacilor комплекси.

Румынияда кеминде алты кишинин өмүрүн жалмаган өрт кырсыгынын себеби иликтенүүдө. Окуя 26-декабрга караган түнү Прахова аймагындагы Тохан кыштагында жайгашкан Ferma Dacilor туристтик комплексинде болгон.

Рождество майрамын белгилөө үчүн чогулган 26 кишинин 18и биринчи кабатта болгондуктан сыртка чыгууга үлгүрүшкөн.

Ал эми каза болгон алты кишинин арасында балдар да бар экени, эки киши ооруканага түшүп, дагы экөөнүн дайыны табылбай жатканы кабарланды.

Прокуратура иш козгоп, териштирүү баштаганда бул эс алуу жайы тийиштүү уруксат кагаздары жок курулганын, 2019-2020-жылдары өрт коопсуздугун камсыздоого байланыштуу эскертүү алганын аныктап чыкты.

Жергиликтүү бийлик аймактагы ушул сыяктуу конок үйлөрдүн баарынын уруксат документтери, өрт коопсуздугу боюнча даярдыгын жапырт текшерүү башталганын билдирүүдө.

Бул окуя Румынияда адам өмүрү эң көп кыйылган өрт кырсыктарынын бири экени кабарланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG