Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Башкы прокурор депутат Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат сурады


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты. Анын сөзүнө караганда, депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.

Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын курамына депутаттар Данияр Төлөнов ("Мекенчил"), Эльдар Сулайманов ("Ата Журт-Кыргызстан"), Бахридин Шабазов ("Ишеним"), Кубанычбек Самаков "Элдик"), Алишер Эрбаев "Бүтүн Кыргызстан"), Бакыт Тентишев "(Ынтымак"), Азамат Исраилов ("Альянс"), Султанбай Айжигитов ("Ыйман Нуру") кирди.

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

41 жаштагы депутат Эмил Жамгырчиев “Альянс” фракциясынын депутаты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты аталган мекеменин Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Эмил Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып аны менен кошо кармалган Бактыбек Калмуратов да үй камагына чыгарылган. Экөө тең кийин Жогорку Сотто акталган.

Былтыр 6-декабрда Башкы прокуратура аларды актаган сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылганы, иш боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу өтүнүч келтирилгени белгилүү болгон.

Жогорку Сот Эмил Жамгырчиевге жана Бактыбек Калмуратовго козголгон ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра тергөө тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган.

Быйыл ноябрда иш кайрадан жандандырылып, ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда.

Былтыр 27-ноябрда УКМК Эмил Жамгырчиевди Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё бергени маалымдалган. 1-декабрда УКМК депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген. Эмил Жамгырчиев 11-январда парламенттин жыйынына келип, чек арадан аны эч ким кармабаганын айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG