Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:27

Оштун деталдык пландоо долбоору алты жылдан кийин кабыл алынды


Ош шаары.
Ош шаары.

27-декабрда Ош шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессиясында шаардын пландоо долбоорун бекитти.

Буга чейин 2017-жылы башкы план кабыл алынганы менен деталдык пландоо иштери толук бүтпөй келген. Деталдуу пландоого шаардын борбордук бөлүгү тагыраагы 3500 гектар аянты кирген. Шаардын башкы планы боюнча жалпы 400 миң адам жашоого ылайыкташып жаңы 24 бала бакча, азыркы иштеп жаткан мектептерди кошкондо 100дөн ашык мектептин курулушу каралган.

Андан сырткары жолдорду кеңейтүү, көп кабаттуу үйлөрдүн бийиктиктерин аныктоо, жашыл аймактар, өндүрүштүк аймактар сыяктуу жумуштар киргизилген.

Деталдык пландоо иштери 2017-жылы башталып, 19 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Ош – Кыргызстанда Бишкектен кийин эле эң ири шаар. Расмий маалымат боюнча, шаарда 360 миңден ашык калк жашайт. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG