Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди


Төө-Ашуу, иллюстарциялык сүрөт.
Төө-Ашуу, иллюстарциялык сүрөт.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жол жакшы көрүнбөй жаткандыктан 27-декабрда Бишкек-Ош жолундагы “Сосновка” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кабарлады.

Аталган мекеме айдоочуларды жолдо сак болууга чакырат.

"Кар жаап, айдоочулардын жолдо жүрүү кыймылын кыйындатышы мүмкүн, ошондуктан, ылдамдыкты азайтып, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, коопсуздук эрежелерин толук сактоого чакырабыз", - деп жазылган маалыматта.

Бишкек-Ош жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги магистрал. Жолдо Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел сыяктуу бийик, аба-ырайы катаал ашуулар бар. Бишкек-Ош жолунун Талас-Тараз багытына бурулган тарабындагы Өтмөк ашуусу да бийик ашуулардын бири. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG