Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:40

“Кемпирабадчылар” Бектур Асанов дарыланууга муктаж экенин билдиришти


Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.
Бектур Асанов. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар ушул эле ишке байланыштуу абакта отурган оппозициялык саясатчы Бектур Асановду дарылануу үчүн үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришти. Бул тууралуу алар 27-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурумда судья Марат Сыдыковго кайрылуу кылышты.

“Бектур Асанов 20 күндөн бери оор абалда жатат. Ага карабай сотко алып келишти. Биз судьяга аны чыгарып койгула деп өтүнүч киргиздик. Бирок аны канааттандырган жок. Бул жерде кыйноо болуп жатат”, - деди дагы бир айыпталуучу Айданбек Акматов.

Буга чейин Кемпир-Абадды коргоо комитети “абакта Бектур Асановдун башы жарылып, моюн омурткаларына залака кетип ооруну басаңдатуучу дарынын күчү менен жатканын, абалы оор экенин” билдирген. Ушундан улам саясатчы ооруканада дарыланууга муктаж экени айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG