Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн жайларды уюштурган деген шек менен төрт адам кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу 25-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча, жарандык активист Болот Ибрагимов 23-декабрда Instagram баракчасына борбордогу Кулиев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде кыздар интимдик кызмат көрсөтүп жатканы тууралуу видео жарыялаган.
Бул тасмадан кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы 21 адамды аныктап, алардын төртөө камакка алынган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү” беренеси менен териштирилип жатат.
Андан тышкары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, райондук башкармалыктын жана шаардык милициянын 10 кызматкери дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бишкектин Биринчи Май ички иштер башкармалыгынын №8 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын майору (С.Т.) кызматынан бошотулду.
30-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар 1-декабрга чейин жабыларын айткан. Бул талап аткарылбаса жергиликтүү бийлик жана ошол аймактагы милициянын башчылары кызматтан алынарын билдирген. (BTo)
Дагы караңыз
АКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануусун билдирди Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдолор аныкталдыКара-Сууда 20 жаштагы жаран улут аралык кастыкты козутууга шектелип кармалдыМинистр акча чогултулган мектептин директорлору кызматтан алынарын айттыАламүдүн районунда курал-жарактарды сактоочу жай табылдыБелградда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор мэрияга кирүүгө аракеттеништи