Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Белградда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор мэрияга кирүүгө аракеттеништи


Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор. Белград. 2023-жылдын 18-декабры.
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор. Белград. 2023-жылдын 18-декабры.

Белградда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон оппозициянын өкүлдөрү шаардык бийликтин алдына чогулуп, имаратка кирүүгө аракет кылышты. Айнектер талкаланып, эшиктер сынганы кабарланды. "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун балкан кызматы маалымадагандай, полиция жооп иретинде көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

"Сербия зомбулукка каршы" деп аталган оппозициялык блоктун нааразылык акциясы Сербияда бир аптадан бери уланып жатат. Блоктун өкүлдөрү кезексиз парламенттик жана муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган соң, бийликти добуш уурдоого айыптап, башкаруучу коалициянын жеңишине ишенбесин билдиришүүдө.

24-декабрда уланган нааразылык акциясынын катышуучулары Белграддын шаар бийлигинин имаратына кирип, балкондо туруп сүйлөө каалоосун билдиришти. Имараттын алдында турган полициячы бул мыйзамсыз аракет болорун эскерткен.

Сербия Демократиялык партиясынын төрагаларынын бири Срджан Миливоевич полиция кызматкерин элдин катарына өтүүгө чакырганын "Свобода" радиосу билдирди.

Сербиянын президенти Александр Вучич кезектеги кайрылуусунда нааразылык акцияларына 2,5 миң чамалуу киши катышып жатканын айткан. Президент бул көрүнүштү "эч кандай революция жок" деп сыпаттады.

Жекшембидеги нааразылык шайлоо комиссиясынын штаб-квартирасынын жанында башталган. Оппозициялык лидерлер - "Сербия зомбулукка каршы" блогунун өкүлдөрү Мариника Тепич менен Мирослав Алексич чогулгандарга президент Вучичтин партиясын шайлоонун жыйынтыгын бурмалашты деп айтышты.

17-декабрда Сербияда парламенттик шайлоо өттү. Расмий маалыматтарга ылайык, шайлоодо президент Вучичтин партиясы 47% добуш алды. Экинчи орунга "Сербия зомбулукка каршы" блогу 23% добуш менен чыкты. Үчүнчү орунда 7% добуш менен Сербиянын Социалисттик партиясы илинди.

Өлкө президенти Александр Вучич «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» шайлоону жеңгенин, күмөн санап жаткандар утулгандар экенин айтты. Бул партия "Александр Вучич – Сербия токтобошу керек" блогундагы негизги күч. Вучич аны 2014-жылдан тартып 2023-жылдын майына чейин жетектеген.

Серб парламентинин депутаттары төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Вучич шайланганына эки жыл боло элек 250 орундуу парламентти быйыл 1-ноябрда тараткан. Буга май айында жалпы 19 кишинин өмүрүн алган, ок атуу коштолгон эки окуядан кийин бийликке басымдын күчөгөнү себеп болгон. 3-майда Белграддагы мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кеминде сегиз классташын атып өлтүргөн. Андан бир күндөн кийин Белграддын түштүгүндөгү айылдардын биринде 21 жаштагы жигит автоунаасынан жергиликтүү тургундарга ок жаадырган. Бул окуялар Вучич баштаган лидерлердин отставкасын талап кылган акцияларга жол ачкан.

XS
SM
MD
LG