Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

АКШ Навальныйдын тагдырына тынчсыздануусун билдирди


Орусияда камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусияда камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Кошма Штаттар Орусияда камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тагдырына терең тынчсызданууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Х социалдык түйүнүнө жазды.

“Биз дагы бир ирет аны токтоосуз бошотууга жана Орусияда көз карандысыз добуштарга каршы уланып жаткан куугунтуктоону токтотууга чакырабыз”, - деди Блинкен.

Навальныйдын тарапташтарынын айтымында, саясатчы менен байланыш 20 күндөн бери жок. Ал кайда экени белгисиз.

Саясатчы 19 жылдык жаза мөөңөтүн өтөп жаткан Владимир облустук түрмөсү Навальный ал жакта жоктугун билдирген, бирок кайсы жакка экени боюнча маалымат берген эмес. Андан башка эч кандай расмий кабар азырынча жок.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматынын 12-декабрдагы маалыматында Навальный Владимир облусунан тышкары аймактагы абакка жөнөтүлгөнү гана айтылган.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурат. Быйыл августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин Ив-роше иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып келет.

Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары тааныган.

XS
SM
MD
LG