Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Министр акча чогултулган мектептин директорлору кызматтан алынарын айтты


Догдургүл Кендирбаева.
Догдургүл Кендирбаева.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева Кыргызстанда мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталган мектептердин директорлору кызматтан алынарын билдирди.

Бул тууралуу ал 25-декабрда “Биринчи радионун” эфиринде айтты. Министрдин сөзүнө караганда, эки айда мектептин күнүмдүк муктаждыктарына - бор, чүпүрөк, кагазга бюджеттен 50 млн сом бөлүндү жана кийинки жылга да каражат каралган.

“Ар бир ата-эне, директорго кайрылам, акча алуу токтотулду. Камкорчулар кеңешине да жарлыктын негизинде акча чогултууга тыюу салдык. Акча чогултууга байланыштуу айрыкча Бишкекте болгон окуялар териштирилип жатат. Эгерде фактылар аныкталса мамлекеттин саясатын колдобогону жана негизсиз акча жыйнаганы үчүн айрым директорлор менен кош айтышабыз”, - деди Догдургүл Кендирбаева.

Президент Садыр Жапаров быйыл май айында мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлык чыгарган. Ага ылайык, билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленген.

Ушул тапта президенттин жарлыгына карабай мектептерде ар кандай шылтоо менен дагы деле акча жыйналып жатканын айткан ата-энелер бар. Бул маселе 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өткөн экинчи Элдик курултайда да көтөрүлүп, айрым делегаттар жарлык аткарылбай жатканын айтышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG